• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Салык кызматы коомдук тамактануучу жай тармагындагы коррупция менен күрөшүүгө ниеттенүүдө

Экономика 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы коомдук тамактануучу жай тармагындагы коррупция менен күрөшүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Бишкектеги брифингдин жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов билдирди.

Анын айтымында, бизнеске карата жаңы эсептик ченди эске алганда, коррупцияга алып келиши мүмкүн болгон тобокелчиликтер бар. Бирок, ал белгилегендей, мындай тобокелчиликтер дайыма болуп келген.

“Мурда алар белгиленген сумманы төлөгөн учурда да, көп нерсе жашырылып келген. Айрым тамактануучу жайларда түшкү тамактануу убагында бош орун калбайт, бирок ошол эле учурда алар бир күн ичинде бир-эки эле чек чыгарышат.

Биз бул маселени салык процедураларын фискалдаштыруу аркылуу чечебиз. Бизде салыктык башкарууга жардам берген бир нече компоненттер бар, мисалы, онлайн ККМ же электрондук эсеп-фактуралар. Мунун баары коррупциялык механизмдерди түзбөөгө багытталат. Башкача айтканда, биз аралыктан текшерип жана көзөмөлгө алып турабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий