• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматынын төрагасынын орун басарлыгына Исламбек Кыдыргычов дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Исламбек Кыдыргычов министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 2022-жылдын 24-мартындагы буйругу менен Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-мартта финансы министринин биринчи орун басары Илияз Иманбетов төраганын жаңы орун басарын жамаатка тааныштырды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын башка буйругуна ылайык, Руслан Суйналиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Кыдыргычов бул кызматка дайындалганга чейин КР президентинин администрациясында эмгектенген. Салык жана бажы саясаты маселелерин жетектеген.

Пикир

Оставить комментарий