• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров: 2008-жылдан бери бир дагы жаңы салык киргизилген жок

Өкмөт 0


Бишкек, 06.03.23. /Кабар/. Кыргызстанда 2008-жылдан бери бир дагы жаңы салык киргизилген жок. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, 2008-жылы салыктын сегиз түрү болсо, азыр анын саны жетиге түштү.

“Ал учурда киреше менен пайда салыгы 10 пайыз болсо азыр дагы ошол бойдон калды. Кошумча нарк салыгы дагы өзгөрүүсүз 12 пайыздык ченде калды. Азыр тескерисинче, жер салыгын президент Садыр Жапаров үч жылга чейин алып койду. Бир дагы салык өзгөрүлгөн жок. Эгер салык өзгөрбөсө, анда акча кайдан түшө баштады? Азыр санариптештирүүнүн артынан товарды ким алып келип, сатып жатканын баарын көрүп жатабыз. Фискалдык саясат туура жүргөндүктөн, салыкчылар жана укук коргоо органдарынын мыйзам чегинде иштегиндиктен акчанын баары бюджетке түшүүдө”, - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Пикир

Оставить комментарий