• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жумгалдагы Садыбакасов атындагы мектептин жылытуу мезгилине карата даярдыгы текшерилди

Өкмөт 0

Бишкек, 30.09.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жумгал районундагы Шатман Садыбакасов атындагы орто мектебинде болду.

Белгилей кетсек, бул жаңы мектептин ачылышы үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында болгон.

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешев бул мектептин курулушу 9 жыл мурда башталганын, бирок каражаттын жетишсиздигинен курулуш иши аягына чыгарылбай келгенин, ошондой эле көмүр кампасы билим берүү мекемесинин долбооруна кирбей калганын билдирди. Ал кошумчалагандай, кампа курууга жана ашкананы оңдоого 12 млн 900 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн, иш жакын арада башталат.

Министрлер кабинетинин төрагасы президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кампанын курулушун тездетүүнү жана бул маселени жеке көзөмөлүнө алууну тапшырды.

“Быйыл республика боюнча 100дөн ашуун мектептин курулушун бүтүрөбүз, анын ичинде узак убакыттан бери бүтпөй турган курулуштар дагы бар. Өткөн жылы борбордо эле 12 мектеп курулуп, пайдаланууга берилди. Имараттарды, өзгөчө билим берүү мекемелерин долбоорлоодо бардык деталдарды, тагыраагы ашкананын, спорт залынын, көмүр кампасынын болушун эске алуу зарыл”, - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, Жумгал районундагы жаңы салынган бул мектептин көмүр кампасынын жок болгондугу тууралуу социалдык тармактарда талкуу жүргөн. Бирок “мектепте жылуулук системасы жок болгондуктан, мектеп иштебей жатат” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Мектеп эки нөөмөт менен иштеп жатат, анда 600дөн ашуун окуучу окуйт, отканасы дагы бар, көмүр жаңы кампа курулганга чейин, мурдагы көмүр кампада сакталат. Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы бул мектепке пландан тышкары баруу чечимин кабыл алып, анын жылытуу мезгилине даярдыгына жеке өзү күбө болду.

Пикир

Оставить комментарий