• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Кара-Кече көмүр кенинин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди

Өкмөт 0

Бишкек, 30.09.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл жана Нарын облустарына болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар отун-энергетикалык объектилер менен таанышты.

Алгач министрлер кабинетинин төрагасы Балыкчы шаарындагы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын көмүрдү жүктөө жана түшүрүү пунктунун даярдыгын текшерди.

Министрлер кабинетинин төрагасына көмүр түшүрүү пункту алдыдагы күз-кыш жылытуу мезгилине 100% даяр экендиги маалымдалды.

Белгилүү болгондой, көмүрдү жүктөө жана түшүрүү иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.

Андан ары Акылбек Жапаров Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы тарабынан иштетилип жаткан Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече кенинин “Борбордук” участогуна барды.

Министрлер кабинетинин төрагасы көмүр кенинде жүргүзүлүп жаткан тоо-кен иштери менен таанышып, жумушчу кеңешме өткөрдү, ошондой эле Энергетика министрлигинин жана көмүр ишканасынын жетекчилигине бир катар тапшырмаларды берди.

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директору ишкананын бир катар көйгөйлүү маселелерин айтып, аны менен катар, карьердеги жумуштун оордугун, сезондук кезекти жана мамлекеттик ишкананын рентабелдүүлүгүнүн төмөндүгүн белгиледи.

Акылбек Жапаров кырдаалды ийне-жибине чейин изилдеп, талдоо жана көйгөйлөрдү чечүү жолдорун сунуштоону тапшырды.

“Кырдаал тууралуу талдоо бериңиз, чоң көлөмдөгү көмүрдү казып алууда коопсуздук чараларын унутпашыбыз керек. Көмүр казуу техникалык жана экологиялык талаптарга ылайык жүрүшү керек. Былтыркы жылы оор абал болсо, быйыл көмүр ташуу план боюнча жүрүп жатат. Кандай гана бизнес болбосун пландаштыруу керек, көмүр кендериндеги жүк бирдей болушу керек, ал эми республиканын бардык аймактарында көмүрдүн баасы пропорционалдуу болушу зарыл», - деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасы.

Өз кезегинде президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешев Нарын облусундагы социалдык объектилер көмүр менен толук камсыз болгондугун билдирди.

Соңунда министрлер кабинетинин төрагасы көмүр тармагынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме уюштурууну тапшырды, анда кендин ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда көтөрүлгөн бардык маселелер каралат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын жылытуу мезгилиндеги көмүргө болгон муктаждыгы 2 млн 756 миң тоннаны түзөт. Борбор калаадагы ЖЭБдин кара отунга болгон муктаждыгы 1 млн 200 миң тонна көмүрдү түзөт.

Учурда борбор калаанын ЖЭБине Кара-Кече кенинен көмүр ташуу бекитилген график боюнча жүрүп жатат, ал жылытуу мезгилинин аягына чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий