• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төрөбаев: Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу белгисиз мөөнөткө жылды деген маалымат жалган

Өкмөт 0

Бишкек, 30.09.23./Кабар/. Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу белгисиз мөөнөткө жылды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жакында белгисиз булактарга таянуу менен Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоору токтоп калды деген маалымат тараган. Тиешелүү тармак анын чындыкка дал келбей турганын түшүндүрүп, төгүндөгөн.

"Эми “24.kg” сайты дагы такталбаган маалымат жарыялады. Долбоор боюнча жакында эле Кытайга болгон иш сапарымдын алкагында, тиешелүү тараптар менен жолугушуп, сүйлөшүүлөр болду. Темир жолду куруу белгисиз мөөнөткө жылды деген маалымат чындыкка дал келбейт", — деп баса белгиледи Төрөбаев.

Ал Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу боюнча жумуш аяктагандыгын айтты.

"Учурда үч мамлекет ортосундагы биргелешкен темир жолду куруунун каржылоосу каралууда. Тактап айтканда, каржылоо модели боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Жакшы билесиздер, темир жолду куруу боюнча үч мамлекеттин биргелешкен офиси Бишкекте ачылган", – деп билдирди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары бул Кыргызстан үчүн өтө маанилүү, ири киреше алып келе турган долбоор экендигин айтып, жасалып жаткан аракеттерди дискредитация кылып, так эмес булактарга таянып такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды.

Пикир

Оставить комментарий