• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров бюджеттин эсебинен сатылып алынган меджабдуулар менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 04.11.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров шаардык бир катар медициналык мекемелердин иши менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Атап айтканда министрлер кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын Урология илимий борборуна барып, жакында сатылып алынган медициналык жабдууларды көрүп чыкты.

Кыдыруу учурунда белгилүү болгондой, Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык республикалык бюджеттен Саламаттыкты сактоо министрлигине урологиялык борбордун муктаждыктары үчүн 24 даана медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн 80 млн сом бөлүнгөн.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, саламаттыкты сактоо мамлекеттик саясаттын негизги социалдык багыттарынын бири жана медициналык мекемелерди заманбап жабдуулар менен камсыздоо жана калкка сапаттуу медициналык тейлөө көрсөтүү Саламаттык сактоо министрлигинин негизги максаты болуп саналат.

Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, «бул жабдуулар күнү-түнү пайдалуу иштетилиши керек, бирок бузулган учурда запастык бөлүктөр менен өз убагында камсыз кылынышы зарыл».

Андан соң Акылбек Жапаров Улуттук госпиталдын магниттик-резонанстык томография аппаратынын иши менен таанышты.

Министрлер кабинетинин төрагасына аппараттын кубаттуулугу суткасына дартына жараша орточо 10—15 адамды түзө тургандыгы айтылды.

Наркы 1,145 млн АКШ доллары турган МРТ аппаратурасы Дүйнөлүк банктын грантынын алкагында берилген.

Пикир

Оставить комментарий