• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Сот департаментинин бөлүм башчысы пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.11.23. /Кабар/. Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин экономикалык иштер боюнча сот аткаруучулар кызматы бөлүмүнүн (САКБ) кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан сот тутумундагы коррупциянын көрүнүштөрүн аныктоо жана жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын 3-ноябрында тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин экономикалык иштер боюнча САКБнын кызматкери 45 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Экономикалык иштер боюнча САКБнын кызматкери Т.Н.Ж. сот аткаруучулар кызматынын кызыкчылыктарына каршы, ошондой эле материалдык пайда алуу максатында Б.И.М. аттуу жарандан өлкөнүн чегинен тышкары чыгуу үчүн чектөөлөрдү алып салуу маселеси оң чечилиши үчүн 45 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Т.Н.Ж.нын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда мурда белгиленген 45 миң сомдук каражат табылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен Т.Н.Ж. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин сот аткаруучулар кызматынын бөлүмү административдик, жарандык жана жазык иштери боюнча айыптарды, тиешелүү мамлекеттик алымдарды мамлекеттин кирешесине өндүрүп алуучу жападан жалгыз мамлекеттик орган болуп саналат.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын УКМК системалуу мүнөздөгү ушуга окшош фактыларды документтештирүү боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда.

Пикир

Оставить комментарий