• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте бир жумада дээрлик 5 миңден ашуун жол эрежелерин бузуу фактысы катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын 21-майдан 27-майга чейин Бишкек шаарынын аймагында 4 миң 994 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- мас абалында автоунаа башкаруу - 56;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 20;

- айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу - 37;

- “Коопсуз шаар” долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдары бар авто унаалар - 34;

- авто бейбаштык - 5;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 4 876.

Кайгуул кызматынан кошумчалашкандай, ар кандай эреже бузган 433 автоунаа айып короо жайына токтотулду.

Милициянын кайгуул кызматы жол эрежесин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий