• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Самарканд бийлиги ЮНЕСКОнун тиешелүү корутундусу жок курулуш иштерин жүргүзбөйт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.07.19. /Кабар/. Самарканд шаары ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгып калуу коркунучу бар экендиги кабарлангандан кийин «Юксалиш» коомдук кыймылынын өкүлдөрү жергиликтүү акимчиликке кайрылып, ЮНЕСКОнун тиешелүү корутундусу жок шаарда эч кандай курулуш иштерин баштабоону өтүнүштү.

Быйыл июндун аягында ЮНЕСКО Самаркандды Дүйнөлүк мурастардын «кара тизмесине» киргизүү тууралуу ойлонуп жатканы белгилүү болгон.

ЮНЕСКОнун сайтына жарыяланган документте Самарканддын тарыхый бөлүгүндө көп кабаттуу үйлөр менен мейманканалар курулуп жатканы жана бул маданий баалуулукка ээ тарыхый имараттарга зыян келтире турганы белгиленген.

Буга чейин Дүйнөлүк мурастар комитетинин (World Heritage Committee) эксперттерин 2022-жылы өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине карата шаар бийлигинин жаңы мейманканалар менен көп кабаттуу имараттарды куруу планына тынчсызданып жатканы кабарланган. Комитет өкүлдөрү бул байыркы шаардын сакталышына мониторингди күчөтүү өтүнүчү менен ЮНЕСКОнун Борбордук кеңешине кайрылган.

Быйыл Самаркандда ЮНЕСКОнун колдоосу менен материалдык жана материалдык эмес мурастарды сактоо боюнча конференция өтөт. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, иш-чарага ЮНЕСКОнун башкы директору Одри Азуле жана дүйнөнүн 45 өлкөсүнөн 200дөн ашык алдыңкы окумуштуулар менен эксперттер чакырылган.

Самарканд шаарынан тышкары Өзбекстанда ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине Хивадагы «Ичан-кала» тарыхый жайы, Бухара жана Шахрисабз тарыхый борборлору, ошондой эле Чаткал биосферасы кирет.

Пикир

Оставить комментарий