• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казак-өзбек мамилеси Ташкенттеги эл аралык конференцияда талкууланат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 31.10.17 /Кабар/. Бүгүн, 31-октябрда Ташкентте «Өзбекстан-Казакстан: дипмломатиялык мамилелердин башталганына 25 жыл» аттуу эл аралык конференция өтөт.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, өлкөлөр ортосундагы мамилелердин 25 жылдыгын белгилөөгө арналган бул иш-чара Өзбекстан президентинин алдындагы Стратегиялык жана аймактар аралык изилдөөлөр институту менен Казакстан президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр институ тарабынан уюштурулууда. Конференцияга аталган институттардын жетекчилери, Өзбекстандын министрликтери менен мекемелеринин жогорку кызматтагы өкүлдөрү, ошондой эле өлкөдө каттоодон өткөн дипломатиялык миссиялар менен эл аралык уюмдардын башчылары катышат.

Пленардык жыйындардын жүрүшүндө саясат, экономика жана транспорт тармактарында Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтыктын мындан аркы перспективалары, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы байланыштарды бекемдөөдөгү маданий-гуманитардык алаканын ролу талкууланары кабарланууда.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин ушул жылы 16-17-сентябрь күндөрү Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө эки президенттин биргелешкен билдирүүсү кабыл алынган.

Анда өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 25 жылдыгын белгилөө максатында мамлекет башчылары тиешелүү мекемелерге бул датага арналган иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштурууну тапшыргандыктары белгиленген.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий