• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Санариптик өнүктүрүү министри Брюсселде "Global Gateway" форумуна катышты

Коом 0

Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. 25-26 октябрда санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева Брюссель шаарында Европа Биримдиги тарабынан уюштурулган "Global Gateway" форумуна катышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө Кутнаева санариптик инфраструктурага арналган жогорку деңгээлдеги панелдик сессияга катышып, акыркы жылдардагы санариптештирүү жаатындагы Кыргызстандын жетишкендиктери жана прогресси жөнүндө айтып берди, ошондой эле ЕБге бул жаатта көп жылдык колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Министр кең тилкелүү байланышты киргизүүнүн учурдагы ийгиликтери, "DIGITAL CASA" долбоору жана калкты мобилдик интернет менен камсыздоонун жогорку деңгээли тууралуу айтып берди. Ал мамлекеттик органдар менен коммерциялык уюмдардын ортосунда электрондук маалыматтарды коопсуз алмашууну камсыз кылган жана жарандардын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуудагы тагдырын кыйла жеңилдеткен "Түндүк" санариптик платформасына кеңири токтолду.

Ошондой эле министр өлкөдө юридикалык жактан таанылган санариптик документтерди киргизүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүп, сессиянын катышуучуларына санариптик паспортту жана айдоочулук күбөлүктү көрсөттү. Мамлекеттик органдардын кагаз каттардан электрондук өз ара аракеттенүүгө өтүшү жөнүндө айтып жатып, бул иштин натыйжалуулугун жогорулатууга жана убакытты кыскартууга гана эмес, мамлекеттик кызматкерлердин санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө алып келгенин баса белгиледи.

Мындан тышкары, ал Кыргызстандын жогорку технологиялар паркына кеңири токтолуп, ал чет элдик резиденттер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөөрүн билдирди. Атап айтканда, ал парктын жашоочулары өзгөчө артыкчылыктарга жана салыктык жеңилдиктерге ээ экенин белгилеп, буга байланыштуу бул жаатта активдүү кызматташууга чакырды.

Форумдун алкагында министр Кутнаева Европа комиссиясынын вице-президенти В.Юрова менен биргеликте Кыргызстан менен Европа Биримдигинин санариптик өнүгүү жаатындагы өнөктөштүгүнө арналган атайын параллелдүү иш-чара өткөрдү.

Европа комиссиясынын вице-президенти иш-чаранын жүрүшүндө өлкөнүн санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктерин белгилеп, Европа Биримдиги Кыргызстан менен санариптештирүү жаатындагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий