• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сауд Аравия Кыргызстанга 25 тонна курма берди. Кимдерге таратылат?

Коом 0

Бишкек, 06.06.23. /Кабар/. Сауд Арабиясы Кыргызстанга 25 тонна курма берди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага эмгек министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев жана Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрагим бин Аль-Ради катышты.

"Бул долбоор падыша Салман атындагы куткаруу жана гуманитардык иштер борбору тарабынан ишке ашырылууда. Ошол эле учурда борбор жана башка уюмдар тарабынан Кыргызстанга гранттар жана кредиттер түрүндө бир нече жолу жардам көрсөтүлдү, анын ичинде билим берүү, автожолдорду реконструкциялоо, медицина, социалдык өнүктүрүү тармактарындагы долбоорлор бар", - деди элчи.

Министрдин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев дагы Сауд Арабиясынын Кыргызстанга көрсөткөн ар тараптуу жардамын белгиледи.

"Биздин өлкөлөр ар түрдүү тармактарда - социалдык-гуманитардык, соода-экономикалык жана башка тармактарда кызматташып келет. Биздин өнөктөш достор көп жылдар бою Кыргызстанга олуттуу жардам көрсөтүп келүүдө. Пандемиянын кесепеттерин жоюу үчүн КСА 500 миң доллар гуманитардык жардам бөлгөн. Мындан ары дагы биз мурда 100 миң сомдон алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн бизнесин өнүктүрүү үчүн социалдык келишимди ишке ашыруу боюнча кызматташууну улантабыз деп ишенем", - деди ал.

Министрлик гуманитардык жардам Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы социалдык мекемелерге, тактап айтканда, карылар үйлөрүнө, балдар үйлөрүнө, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жана мамлекеттик уюмдарга бөлүштүрүлөөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий