• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сеулдагы эл аралык Маданият музейинде кыргыз бурчу орнотулду

Маданият 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Сеул шаарындагы эл аралык Маданият музейинде кыргыз бурчу ачылды. Бул тууралуу КРнын Кореядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине Кыргызстандын элчиси Динара Кемелова жана эл аралык Маданият музейинин директору Ким Юн Тэ катышты.

Тараптар Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы маданият жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн өз ара ыраазычылык билдирген эстелик грамоталары менен алмашты.

Кыргыз бурчун түзүү максатында элчилик экспонаттарды чогултуп, маданият музейине белек катары тапшырды. Ошол эле учурда элчилик маданий экспонаттарды жана жеке коллекциялардан турган тиричилик буюмдарын бергендиги үчүн Felt Art Studio жетекчиси Жылдыз Асанакуновага, маданият таануучу Турганбай Молдогазиевге, NAG Group уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Надырбековага, Алый Мергеналиевага, Мира Айткуловага, ошондой эле Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин кызматкерлерине өзүнүн ыраазычылыгын билдирет.

Музейге Кореянын жашоочулары, ошондой эле Сеулдагы кыргызстандыктар төмөнкү дарек боюнча келип, кыргыз бурчун көрө алышат: 135, Bulgwang-ro, Eunpyeong-gu, Seoul

Пикир

Оставить комментарий