• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте билим берүү мекемелерине коркунучтардын алдын алуу баскычтарын орнотуу сунушталды

Коом 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева борбор калаадагы диний кырдаал жана экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга райондук акимчиликтердин, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын, борбор калаанын билим берүү башкармалыгынын жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери катышты.

Виктория Мозгачева шаардыктар арасында, өзгөчө балдар жана өспүрүмдөр арасында психологдорду жана эксперттерди тартуу менен түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле борбор калаанын билим берүү мекемелерине коркунучтардын алдын алуу баскычтарын орнотуу мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.

Белгилей кетсек, КР президенти Садыр Жапаров «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Ошондой эле, 2017-жылдын 21-июнундагы КР министрлер кабинетинин (ошол кездеги өкмөт) токтому менен КР өкмөтүнүн 2017-2022-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасы бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий