• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шадиевдин 1,8 млрд. сомдон ашык мүлкү алынып, мамлекеттин эсебине өткөрүлдү - Коопсуздук кеңеши

Коом 0

Бишкек, 07.02.19. /Кабар/. Мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин 1 млрд. 850 млн. сомдон ашык мүлкү алынып, мамлекеттин эсебине өткөрүлдү. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.

Ал Шадиев 10 жылга сыртынан соттолгонун белгиледи. Ага "Кызматын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айып тагылган.

"Мен прокуратура органдарынан алынган материалдарды гана айтып жатам", - деп, ал Шадиевдин иши боюнча толук маалыматты сот мекемелеринин сайтынан көрүүгө болорун кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий