• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шайлоо – 2020: Өлкө башчы Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү

Аналитика 0

COVID-19 пандемиясы дүйнө жүзү боюнча боло турган иш-чараларга бөгөт койду. Ал арада Кыргызстанда республиканын саясий турмушундагы олуттуу окуя болгон парламенттик шайлоо келе жатат. Ага даярдык кызуу жүрүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 1-сентябрда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөргөн. Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусундагы жыйында 2020-жылдын 4-октябрындагы Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө маселе каралды.

Нет описания.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө коомчулукта айрым партиялар менен парламент депутаттыгына талапкерлер өз электоратын көбөйтүш үчүн шаарлар менен айылдардын тургундарынын № 2 формасы боюнча добуш бериши үчүн участокторун массалык түрдө өзгөртүп жатканы тууралуу көп сөздөр бар экенин белгиледи.

"Бул тууралуу басма сөздө, социалдык тармактарда жазып жатышат. Бирок, мамлекеттик жана укук коргоо органдары, жергиликтүү бийлик буга каршы эч кандай чара көрбөй жатат. Силер азыртан эле шайлоого карата элдин нааразычылыгын жаратып жатасыңар", — деп белгиледи Жээнбеков.

Ал мындай билдирүүлөрдүн баарына ыйгарым укуктуу органдар тарабынан мыйзам чегинде тиешелүү чечимдерди ыкчам түрдө кабыл алуу боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

"Биз таза шайлоо өткөрүүгө даярбыз. Бизге азыр эмне зарыл? Биринчиден, мындай арыздарга, билдирүүлөргө ыкчам жооп берүү керек. Мыйзам бузуулар тастыкталып калса, жоопкерчиликке тартуу зарыл. Эгерде андай болбосо, чагымчылдардын ар кандай маалыматтар менен чайкоочулук кылуусуна жол бербөө керек. Экинчиден, участкалык комиссиялар шайлоо жүрүмүнүн ачык-айкындуулугун толук кандуу камсыз кылуу үчүн сааттай болуп так иштөөсү керек", — дейт президент.

Нет описания.

Мамлекет башчысы бул эки багытты ишке ашыруунун өзгөчө зарылдыгын, бул аракеттер шайлоонун жыйынтыктарын талашсыз чыгаруунун кепилдиги экенин жана айрым адамдардын шайлоодон кийинки кырдаалды дестабилизация кылуу аракетине себеп болбошу керектигин билдирди.

Саясий баяндамачы Павел Дементьевдин айтымында, шайлоо өлкөдөгү маанилүү окуялардын бири.

"Кыргызстан шайлоо боюнча чоң тажрыйбага ээ болгонуна карабастан, шайлоо учурунда демократиялык принциптерди тебелөөгө аракет кылган учурлар кездешпей койбойт. Көп адамдар "максатка жетүү үчүн бардык ыкмалар жакшы" принцибин колдонууга аракет кылышат. Бул өлкөдөгү шайлоонун таза жана ачык өтүшүнө таасирин тийгизиши толук мүмкүн. Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттин эл аралык имиджин түшүрүшүнө алып келе турган бардык шектүү аракеттерге өтө кылдат мамиле жасоодо. Шайлоонун таза өтүшү үчүн мындан ары да өзгөчө мамиле кылуусу керектелет", - дейт Дементьев.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларын болтурбоо үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тарабынан жасала турган милдеттер арбын экенин дагы бир жолу баса белгиледи.

Ал ошону менен бирге шайлоо процессине даярдыктар иштери өз деңгээлинде жүргүзүлгөнүн кошумчалады. Парламенттик шайлоону ачык, демократиялуу өткөрүүгө мыйзам базасы, участкалык шайлоо комиссиялары даяр экенин белгиледи.

"Ар бир адам өз добушун бере алганы маанилүү. Шайлоо - өлкөнү өнүктүрүүнүн аныктоочу учуру. Кыргызстан парламенттик республика экендигин эске алганда, парламенттик шайлоо кошумча мааниге ээ. Ар бир партия, ар бир депутат шайлоого парламентте "отуруу" максаты менен барбашы керек, тескерисинче, өз добушун бергендер үчүн иштеп берүүгө умтулушу зарыл. Көпчүлүк учурда постсоветтик өлкөлөрдө депутаттар өз миссиясын унутуп калышат", - деп баса белгиледи эксперт.

Кошумчалай кетсек, Коопсуздук кеңешинин жыйынында коронавирус инфекциясы пандемиясы шартында парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат беришти.

undefined

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев шайлоонун астындагы жана шайлоодон кийинки мезгилдерде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу айтып берди

Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.

"Шайлоолордун таза өтүшү — өлкөбүздүн мындан ары өнүгүүсүнүн негизги шарты. Буга баарыбыз жоопкербиз. Шайлоонун ачык өтүүсү камсыздалат жана кепилдик берилет деп Президент катары мен буга чейин айтып келгем. Айтканымды аткарып келе жатам жана аткарам. Президент катары мамлекеттин эгемендүүлүгүн, бүтүндүгүн, эл биримдигин, тынчтыгын сактоо — менин негизги милдетим. Ошондуктан саясий партияларды, алардын жактоочуларын, командалардын шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө ар кандай мыйзам бузуу аракеттеринен алыс болууга чакырам", - деди өлкө башчы.

Мамлекет башчысы биздин коом ачык экенин, жарандык коом көзөмөлдөөчү позициясын активдүү билдирип, мыйзамсыз аракеттерге өз баасын бере аларын белгиледи.

undefined

"Парламентке аттанган партияларды тандоо укугу — элде. Элибиз чоң жоопкерчилик менен алдыдагы тарыхый мүмкүнчүлүктү туура пайдаланат деп ишенем", — дейт Жээнбеков.

Мамлекет башчысы коомдун тынчтыгын бузууга, жарандардын тандоосуна каршы аракеттер болуусуна жол берилбеш керектигин өзгөчө белгиледи.

"Шайлоону элдин жашоосуна бүлүк салбай, мамлекеттеги тынчтыкка кедерги тийгизбей өткөрүүгө милдеттүбүз. Саясий күчтөрдүн элди бөлүүгө, коомдогу тынчтыкты, жарандардын укугун бузууга жол берилбестигин дагы бир жолу эскертем", — деди өлкө башчысы.

Ал кандай гана күрөш, таймашуу болбосун, жеңилген тарап болорун, шайлоого аттанган саясатчылар амбицияны ары таштап, утулуп калса элди толкутуп, туура эмес жолдорго түртпөстөн, өз аброюн жоготпой, татыктуу жеңилгенди да билиши керектигин кошумчалады.

"Жеңилүү ызасына алдырып, тарапташтарды көтөрүп, көчөгө алып чыккан эски көрүнүштөрдү таштайлы. Жарандарды ыплас саясий оюндарга тартпайлы. Анткени, дал ушундай тескери аракеттер кандай гана өлкө болбосун, артка тартат. Биздин өлкөнү да аксатат", — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Ал саясий партиялар элдин келечегин, балдардын келечегин ойлоп, туура жыйынтык чыгарганды үйрөнүшү керектигин дагы бир ирет белгиледи.

"Мекендештериме дагы бир жолу, "өлкөдөн өткөн дөөлөт жок" экендигин эске салып, баарыңыздарды жоопкерчиликке чакырам", — деди президент.

Азыр дүйнөдө кайрадан шайлоого олуттуу мамиле жасай баштады. Маселен, АКШда акыркы жылдары афроамерикалыктар шайлоо процессинде пассивдүү болууда. Бирок көптөгөн активисттер, укук коргоочулар, спорт жылдыздары шайлоого келип, өз позициясын көрсөтүү менен өз келечегин аныктоого үндөй баштады.

Кыргызстандын жарандары да жарандык позициясын көрсөтүп, жоопкерчилик менен мамиле жасашы керек. Партияны аң-сезим менен тандашыбыз керек. Анткени бүгүнкү тандообуз эртеңки келечегибиз.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий