• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өлкөнүн өнүгүшү сапаттуу билим берүү менен тыгыз байланышта

Аналитика 0

Мындан туура бир жыл мурун Кыргызстан өлкөнүн жаңы президентин – Сооронбай Жээнбековду тандаган. С.Жээнбековдун биринчи эле жылы аяктаганда анын ишмердүүлүгүнүн белгилүү жыйынтыктарын чыгарууга болот. С.Жээнбеков бийликке келген алгачкы күндөрүнөн тарта мамлекетти өнүктүрүүнүн жана реформалоонун негизги жолдорун белгиледи. Баса белгилей кетүүчү нерсе, жөнөкөй тапшырмалар коюлган: бул коррупцияга каршы күрөшүү, соттук системаны реформалоо, аймактарды өнүктүрүү, калктын социалдык абалын жакшыртуу жана башка бир катар өлкөнү өнүктүрүү багыттары. Жогоруда көрсөтүлгөн тармактардагы көйгөйлөр жылдар бою чогулуп келген.

Президенттин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири мугалимдердин жана педагогдордун абалын социалдык жактан жакшыртуу болду. Бул тууралуу президент өзүнүн шайлоо алдындагы кампаниясы учурунда айткан. Анда Сооронбай Жээнбеков “Өлкөнүн кызыкчылыктары баарынан кымбат” программасын коомчулукка тааныштырып жатып төмөнкүлөрдү айткан:

“Эң маанилүү милдеттердин бири мен үчүн айлык акыны жана пенсияны дайыма көтөрүп туруу болот. Биз дарыгерлердин жана мугалимдердин маянасын 30 миң сомго чейин жеткире алабыз. Мен буга жетүүнүн булактарын жана жолдорун билем. Мугалимдик кесип Кыргызстандагы эң престиждүү кесип болот”, - деген президент.

Өлкөнүн билим берүү тармагында бир катар изилдөөлөрдү жүргүзгөн Булан институту акыркы 7 жылда мугалимдердин айлыгынын көлөмү эки эсе өскөндүгүн белгилейт. Бирок айлык акыны төлөп берүү тартибине өзгөрүүлөр кирген соң кээ бир мугалимдер азыркы күнгө чейин кандай жол менен эсептөө жүргүзүлөрүн, кайсы кошумча төлөм дептерлерди текшерүү үчүн, даярдоо жана сабактан сырткары иш үчүн берилгенин түшүнө албай келишет.

Институттун жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык, 2011-жылы киргизилген айлык акыны которуунун жаңы ыкмалары оң жыйынтыктарды берген жок. Мектептерде кадр жетишсиздиги кыскарууда, бирок мугалимдерди аз саат менен тандоо башка педагогдордун айлык акысынын кыскарышына алып келди. 2017-жылы мугалимдердин эмгегин төлөп берүү фондун каржылоого чыгашалар 14441,6 миллион сомду түздү жана Финансы министрлиги бул сумма 5 жыл мурункуга салыштырмалуу 3,7 эсе көп экендигин билдирди.

Сабактын сааттары боюнча айлык акыны төлөп берүү тартиби балдары менен үйдө отурган, сырттан окуу бөлүмүн бүтүргөн жана сапаттуу педагогикалык билими жана тажрыйбасы жок мугалимдерге 6-8 саат сабак менен жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн берди. Жаңы тартип айлык акы фондун мугалимдердин көп санына бөлүнүшүн шарттады.

Бул жагынан алганда мамлекет башчысынын мугалимдердин социалдык макамы маселелериндеги көрөгөчтүк позициясы Кыргызстандын билим берүү тармагында болгон жаңы реформалардан кабар берет. Бир жылынын жыйынтыгы тууралуу жергиликтүү басылмага берген биринчи эксклюзивдүү маегинде президент саясий маселелерден сырткары мугалимдердин айлык акысын көтөрүү маселесине токтолгон.

“Үгүт иштери учурунда мен шайлоочулар так фактыларга жана реалдуу сандарга көңүл бурбай турганын байкадым. Алар талапкерлердин көптү үмүттөндүргөн билдирүүлөрүнө ишенишет. Мындай жолугушуулардын жүрүшүндө мен программамды түзөттүм. Үгүт кампаниясынын учурунда эң көп берилген суроо мугалимдердин айлыгын көтөрүү тууралуу болду. Менин оппоненттерим мугалимдердин айлык акысы 25 миң сомдон көп болот дешти. Мен жашырбайм, ошондо мен алардын айлыгын 26 миң сомго жеткирем деп сөз бердим. Сөз бердим, эми менин президенттик ишмердүүлүгүм учурунда сөзсүз аткарылат”, - деп билдирген өлкө башчысы.

Мугалимдердин айлык акысын жогорулатуудан тышкары президент өлкөдөгү билим берүүнүн сапатына көңүл буруп, билим берүү тармагындагы бардык педагогдорду жана эксперттерди бул маселеге өзүнүн жоопкерчилиги менен мамиле кылууга чакырды.

11-октябрда Бишкекте өткөн КМШ өлкөлөрүнүн мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V съезди учурунда президент билим берүүнүн советтик системасы ошол учурдун талабына ылайык келгенин белгилеген.

“Ошол учурдан бери көп нерсе өзгөрүүгө дуушар болду. Жалпы билим берүү мейкиндиги кыйрады. Биздин жашоого рыноктук мамилелер кирип, эмгек рыногу кардиналдуу түрдө өзгөрдү. Биздин коомдордогу жаңы жашоо билим берүүнүн жаңы системасын талап кылды”, - деген Жээнбеков съезддин бардык катышуучуларын жалпы билим берүү мейкиндигин курууга чакырып.

Ошондо Кыргызстандын президенти билим берүү системасынын алдына төмөнкү маселени койгонун белгилеген: мектеп билим алуу гана жайы болбой, бала жаңы нерселерди үйрөнүү жөндөмдүүлүгүн каалаган убагында, каалаган жеринде өмүрү өткөнчө өздөштүрө ала турган жер болушу үчүн аны кантип реформалоо керек?

“Билим берүү системасы бизде коомдук нормаларды ишке ашыруучу гана жай болбой, өлкөнү өнүктүрүүнүн механизми дагы болушу зарыл. Чектелген жаратылыш ресурстарынын шарттарында биз интеллектуалдык ресурска басым жасоого милдеттүүбүз. Биз өлкөнүн өнүгүшүнө алып келген билим берүү үлгүсүн курууга милдеттүүбүз”, - деген Сооронбай Жээнбеков.

Ал басымды санариптик технологияларды кеңири колдонууга, эрте өнүгүү жана мектепке чейинки билим берүүгө, дистанциялык технологияларды колдонууга жана электрондук билим берүү практикасына коюу керектигин белгилеген.

“Бизге ошондой эле билим берүү менен илимдин ортосундагы тыгыз биригүү керек”, - деп жыйынтыктаган Жээнбеков.

Ал арада КРнын Билим берүү министрлиги “Кабар” агенттигине 2017-2018-жылы жасалган иш боюнча отчёт берген. Анда мекеме тарабынан билим берүү стандарттарын жаңыртуу боюнча чоң иш жасалганы айтылат. Алардын баары эми билим берүүнүн жана компетенттүүлүктүн жыйынтыктарына багытталган.

Министрликтин маалыматына караганда, бүтүндөй мектептик билим берүү үчүн компетенттик негизде бирдиктүү “сызгыч” түзүлгөн. Туруктуу окуу планы оптималдаштырылып, чет тилди үйрөнүү үчүн сааттар жумасына 2ден 5 саатка чейин көбөйгөн. Ошондой эле “Информатика” сабагын үйрөнүү 5-класстан тарта киргизилет.

5-6-класстын окуучулары жаңы окуу программаларын жана окуу-методикалык комплекстерди колдонуу менен жаңы предметтик стандарттар боюнча окушууда. Жаңы муундун окуу китептеринин 32 аталышы 3 миллион 300 нуска менен Кыргызстандын бардык мектептерине жеткирилүүдө.

7-9-класстар үчүн табигый-математикалык циклдеги 5 предмет боюнча 14 окуу-методикалык комплекс иштелип чыкты. Жалпы адистештирилген багыттар үчүн компетенттик негизде 10-11-класстар үчүн жаңы стандарттар иштелип чыкты.

Мектептерди интернетке кошуу кеңейди: 2016-2017-окуу жылында 20,8%, 2017-2018-окуу жылында 55%, 2018-2019-окуу жылында 67%. Жылдын аягына чейин интернетке кошууну 100 пайызга жеткирүү пландалууда.

Республиканын жалпы билим берүү мектептерин санариптик телевизиондук көрсөтүү үчүн жабдык менен камсыздоого бюджеттен 74,2 миллион сом бөлүндү. Ошондой эле мектептерди компьютер менен жабдууга 30 миллион сом бөлүнгөн.

Аймактык саясаттын концепциясын ишке ашыруунун алкагында 60 райондук жана шаардык борбордо компьютер, ноутбук, проектор, сервер, керектүү эмерек, электрондук китепкана менен жабдылган 60 борбор түзүлдү.

Аталган мектептер туруктуу окуу планынын түрдүү варианттарын апробациялоону жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктү камсыздаган аймактык билим берүү кластерлери болот.

Ведомство Улуттук квалификациялык системаны түзүүгө киришти. КРнын Улуттук квалификациялык системасы билим алуу процессинде алынган квалификацияларды макулдашуу механизми болуп саналат.

Андыктан бүгүн Билим берүү жана илим министрлиги эмгек рыногунун келечектеги талаптарын эске алуу менен кадрларды даярдоого кесиптик билим берүү системасын кайра багыттайт жана ошол эле убакта иштеп жаткан адистер үчүн кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу механизмдерин түзөт. КРнын Билим берүү министрлиги квалификациялык алкактын долбоорун иштеп чыкты. Бир катар тармактык изилдөөлөрдү жүргүзүп, профессионалдык стандарттарды иштеп чыгууга киришти.

Кол коюлган документтин алкагында билим берүү мекемелери жана илимий уюмдар Webof Science эл аралык илимий метрикалык платформасына жеткиликтүүлүк алышты.

Мындан тышкары министрликтин отчётунда ведомствонун ыкчам маалыматтары боюнча 2018-жылы мектепке чейинки билим алууну камтуу былтыркы жылга салыштырмалуу 1,9 пайызга көбөйгөнү айтылат. Башкача айтканда 24 пайызды түзүп, абсолюттук сандарда 1390 балдар бакчаларындагы 187 миң баланы түздү. 1390 бала бакчанын – 1248и.

Ошондой эле 2017-2018-окуу жылында мектепке чейинки даярдык программасы мектеп уюмдарына барбаган 116 миң баланы камтыган.

Бюджеттин каражаттарынын жетишсиздиги шарттарында министрлик балдардын мектепке чейинки даярдыгынын жаңы форматтарын издөөнүн үстүндө дайыма иштөөдө.

Аман Алымбеков

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий