• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Чоң мүмкүнчүлүктөр сапары. Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери маанилүү документтерге кол коюшат

Аналитика 0

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелер эң жогорку деңгээлге көтөрүлүүдө. Чек араларды бөлүштүрүү боюнча талаштуу маселелер жөнгө салынгандан кийин эки өлкөнүн президенттери экономикалык күн тартибин алдыга жылдыруу менен алектенишүүдө. Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн калкынын жашоо деңгээлин көтөрө турган ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө басым жасашууда.

Коңшу өлкөлөр тынчтык жана ынтымакта жашашса алар үчүн жалпы кызыкчылыкты туудурган аймактык коопсуздук маселелеринен тартып энергетика, айыл чарба, машина куруу сыяктуу ар кандай көйгөйлөрдү чечүү оңой болот. Эксперттер Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы диалог акырындан стратегиялык өнөктөш статусуна ээ болуп, өлкө лидерлери дагы союздаштык мамилелерди өнүктүрүүгө киришкенине басым жасашууда. “Биз көп кылымдардан бери коңшубуз жана ушул бойдон калабыз”, - бул жөнөкөй чындык саясий кызматташтыктын негизи болуп калды.

Жалпысынан алганда, жогорку деңгээлдеги туруктуу байланыштардын жана сүйлөшүү процессинин жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын лидерлери бүтүндөй аймакка оң таасирин тийгизе турган саясий ландшафтты трансформациялоону баштады. Трансчегаралык дарыялардын агымы боюнча макулдашуу Кыргызстанга Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырууга киришүүгө мүмкүндүк берди жана аны ишке ашырууга Өзбекстан гана эмес, Казакстан дагы катышат. Ири ГЭСтин кубаттуулугу калктын керектөөсүн толук канааттандырууга гана эмес, облуста энергияны көп талап кылган өндүрүштөрдү түзүүгө, жаңы заводдорду, фабрикаларды ачууга жетет.

Дагы бир биргелешкен долбоор – бул Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу. Чынында бул жаңы “Жибек жолу”, ал Кытайды эң кыска жол менен Перс булуңундагы порттор менен байланыштырып, андан ары Европа өлкөлөрүнө чыгууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле эл бул долбоор аралык транспорт тармагына интеграциялоо жагынан да, тышкы рынокто суроо-талапка ээ болгон продукциянын ата мекендик өндүрүшүнүн өсүшүнө стимулдарды түзүү жагынан да бардык тараптар үчүн пайдалуу.

Бул темир жолду куруу планы жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери талкууланып келген. Бирок, бул боюнча так чечимдерди кабыл алуу жана жүзөгө ашырууга жеткирүү Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев биргелешкен позицияны иштеп чыгып, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Шанхай кызматташтык уюмундагы башка өнөктөштөр менен макулдашканда гана мүмкүн болду.

Бишкек менен Ташкенттин ортосундагы дагы бир биргелешкен ири долбоор жакын-арада жүзөгө аша турган автомобиль заводун түзүү болуп саналат.

Бишкектен анча алыс эмес жерде сапаттуулугу жагынан далилденген автоунаалардын бир нече маркасын чыгарган ишкана пайда болот. Башкача айтканда, биз көптөн бери күтүп жаткан экономиканын реалдуу секторунда жандануу башталат.

Муну менен катар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын келечеги дагы кең. Көптөгөн долбоорлор талкууланууда же макулдашууга аз калды. Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке сапары мамлекеттик сапар статусуна ээ болот, башкача айтканда дипломатиялык мамилелерде эң жогорку статуска ээ.

Белгилүү болгондой президенттер Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин сүйлөшүүлөрүнүн алкагында мамлекеттер аралык мааниге ээ 18 документке кол коюлат. Ошондой эле ардактуу коноктун иш сапарынын программасына кирген “Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес форумунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда дагы 10 келишим түзүлөрү күтүлүүдө.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий