• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Түркиянын алакасы: келечектен көптү үмүттөндүргөн сапар

Аналитика 0

Садыр Жапаров 9-11-июнь күндөрү Түркиянын Анкара шаарына алгачкы расмий иш сапары менен барып келди. Иш сапардын алкагында Жапаров Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушууларда негизинен эки өлкөнүн кызматташуусу, аскердик-техникалык жардам, соода жүгүртүү жана инвестиция тармактары каралды.

Тарыхы бар кызматташуу...

А дегенде эле Садыр Жапаров Эрдоган менен тет-а-тет (бетме бет) форматында жолугушуу өткөрдү. Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кыргыз-түрк кызматташуусунун абалы менен келечегин, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү байланыштардын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле өлкө башчылар Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин алкагындагы алакалардын артыкчылыктуу багыттары жана стратегиялык өнөктөштүктө буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу сөз кылышты.

undefined

Саясий серепчи Бакыт Орунбеков Түркия дүйнөдөгү алдыңкы 20 мамлекеттин катарына киргендиктен, Кыргызстан үчүн өтө маанилүү стратегиялык өлкө экендигин айтат.

“Түркия Кыргызстандын тышкы саясатындагы негизги өлкөлөрдүн бирине кирет. Жапаров буга чейин айрым мамлекеттерди санап, анын ичинде Түркияга расмий иш сапары менен барарын билдиргени ал өлкөнү стратегиялык өнөктөш катары көрөрүн жашырбагандыгынан кабар берет. Анткени Түркия Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп таанып, саясий, экономикалык, гуманитардык кызматташтык жагынан чоң колдоолорду көрсөтүп келе жатат”, - деген ойдо саясий серепчи.

Ал эми эл аралык мамилелер боюнча адис Алтынбек Жолдошов өлкө башчынын Түркияга иш сапары олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келүүсүн айтуу эрте деген пикирде.

“Жапаровдун иш сапары Кыргызстан менен Түркиянын мамилелеринин дагы да жакындашуусуна жана өнүгүүшүнө жол ачат деген ойдомун. Бирок Түркиянын Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу да чектелүү экендигин унутпашыбыз керек. Жалгыз эле Кыргызстан эмес, жалпы Борбор Азиядагы мамлекеттер Россиянын таасири астындагы өлкөлөр болуп эсептелет. Андыктан Жапаровдун Түркияга иш сапары Кыргызстанда оорчундуу өзгөрүүлөрдү алып келет дегенден алысмын”, - дейт Жолдошов.

undefined

Президент өзү дагы кыргыз-түрк дипломатиялык мамилелерине 30 жыл толгонун белгиледи.

“Быйыл Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилейт. Түрк мамлекети Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныгандыгын, достук мамилелердин жогорку деңгээли 30 жыл бою бекем сакталып келе жатканын баса белгилейм. Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө жана өлкөдө туруктуулукту камсыз кылууда көрсөтүп келе жаткан баа жеткис колдоосу, материалдык-экономикалык жана моралдык-гуманитардык жардамы үчүн Түркияга жалпы кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем”, - деп айткан Жапаров сапар учурунда.

Эки тарап дипломатия, спорт, маданият, айыл чарба, укук тармагындагы кыргыз-түрк эки тараптуу кызматташтыгын бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге сапар учурунда кол коюшту.

Аскер техникага муктаж кыргыз армиясы

Кыргыз-тажик чек арасындагы болуп өткөн куралдуу кагылышуудан улам Кыргызстан аскердик-техникалык жагынан жардамга муктаж экендиги байкалды. Садыр Жапаровдун Түркияга иш сапарынын алкагында талкууланган маселелердин бири да ушул болду.

Эрдоган менен жолушууда Жапаров Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн материалдык-техникалык базасын модернизациялоо жана ошондой эле коргонуу дараметин бекемдөө боюнча биргелешкен иштерди күчөтүү үчүн аскердик-техникалык жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Түркия Кыргызстанга буга чейин эле аскердик-техникалык жардам көрсөтүп келе жатканын эл аралык мамилелер боюнча адис Алтынбек Жолдошов билдирди.

“Себеби Түркия жалгыз эле Кыргызстанга эмес, жалпы түрк тилдүү республикаларды “теги бир, тили бир жана дини бир биздин бир туугандарыбыз” деген көз карашты карманып, ал мамлекеттер менен терең мамиле түзүүнү самап келет. Чындыгында Кыргызстан менен Түркиянын мамилелери Атамбаевдин бийлиги учурунда кыска мөөнөткө соолгундаганын эске албаганда, жалпысынан жакшы нукта өнүгүп келе жатат. Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтүүсү азыркы эле маселе эмес. Мындан мурдагы жылдарда дагы Түркия бизге бул тармакта колдоо көрсөтүп келген”, - деген пикирде Жолдошов.

Саясий серепчи Бакыт Орунбеков Кыргызстанга бир гана Түркиядан эмес, Россия, Казакстан, Кытай, ошол эле НАТО өлкөлөрүнөн дагы аскердик-техникалык жардам келип жатканына токтолду.

“Түркия дагы кезектеги жардамды бергени жатат. Мурун дагы жардам көрсөтүп келген. Демек, бул кадимки катардагы макулдашуулардын жыйынтыгы деп айтсак эле болот. Муну Түркиянын өзгөчө жардамы катары эмес, кезектеги колдоосу катары түшүнүшүбүз керек. Армия жаңы техникалар менен жабдылып, толукталып турушу керек да. Ал эми Түркиянын армиясы дүйнөдөгү мыкты жабдылган жана куралданган. Алардан алганыбыз биздин коргонуу мүмкүнчүлүгүбүздү жогорулатат деген ойдомун”, - деп маалымдады Орунбеков.

Соода-сатыкты кеңейтүү ниети — план $1 млрд.

Президент Жапаров өз сөзүндө Түркия Кыргызстандын тышкы соода түзүмүндө өзгөчө орунду ээлей тургандыгын, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 млрд. долларга жеткирүү менен кызматташууну дагы күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

undefined

Соода-экономикалык өз-ара мамилелерге токтолгон Садыр Жапаров Түркия рыногунда кыргыз продукцияларын көбөйтүү, өнөр жай тармагында кызматташууну кеңейтүү, Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды түзүү, айыл-чарба, текстиль, тоо-кен жана гидроэнергетика тармактарында долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын айтып өттү.

Бакыт Орунбеков эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү 1 млрд долларга чыгаруусунун артында бир катар келишимдер турушу мүмкүн экендигин айтты.

“Соода-сатыкты 1 млрд. долларга чыгарабыз деп ниеттеништи. Демек, ал ниеттин аркасында дагы жаңы келишимдер, макулдашууларга кол коюлат деген ойдомун. Алар жакынкы аралыкта ишке ашышы мүмкүн. Мына ошого фундамент болуп негизги сүйлөшүүлөр болду окшойт деп божомолдоп жатам”, - дейт саясат таануучу.

Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапарынын жыйынтыгына комментарий берип жатып, Чүй облусунун аймагына кыргыз-түрк өнөр жай зонасын куруу пландалып жатканын билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Анкарада Түркиянын Соода палаталары жана товардык биржалары бирлигинин (СПТББ) аянтчасында түрк ишкерлер-комчулугу менен жолугушуу болуп, 5 келишимге кол коюлган.

“Ага ылайык, Түркиянын “Остим” өнөр жай аймагынын моделине окшош системаны Бишкекке куруу жана жайылтуу пландаштырылууда. Анда бир аймакка 600дөн ашуун компания чогултулган. Заводдор менен фабрикалар бир жерде топтолуп, өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар үчүн ыңгайлуу. Мындан тышкары, биздин компаниялар дагы башка беш келишимге кол коюшту. Алар өз учурунда өнөктөштөрү менен биргелешкен долбоорлорго инвестиция салышат. Долбоорлорду алмаштык, алар бизге өздөрүнүн долбоорлорун сунушташты, биз болсо аларга долбоорлорубузду сунуш кылдык”, - деп кошумчалады Шыкмаматов.

undefined

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун маалыматы боюнча, өткөн жылы пандемияга карабастан, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү 507 млн долларды түзгөн.

“Кыргыз-түрк өнүктүрүү фондун түзүү маселесин караштыруу зарылдыгы жөнүндө принципиалдуу чечим кабыл алынды. Азыр уставдык капиталдын суммасы жана акча каражаттары кайда жумшалары боюнча конкреттүү долбоор иштелип чыгууда. Ошондой эле жакынкы аралыкта Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда Өз ара аракеттенүү корпусун түзүү боюнча Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын кароосуна сунуш киргизилет. Мындай тажрыйба Өзбекстанда бар. Биз дал ушундай багытта иштөөнү чечтик”, - деди экономика жана финансы министри.

Сооротулган инвесторлор

Жапаров буга чейин өлкөнү таштап кеткен инвесторлорду кайтаруунун үстүнөн иштөөдө. Алсак, президент Түркияда эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн ортосундагы кызматташтык көпүрөсүн бекемдөөгө кызыкдар экенин жана ага бардык күч-аракет жумшоого даяр экендигин белгиледи.

“Экономикалык кызматташууну кеңейтүүнү биздин ишибиздин башкы артыкчылыгы катары карайм. Кыргызстанда түрк инвесторлору көп, биз алар үчүн ар дайым ачыкпыз жана жаңы ишкерлерди кабыл алууга дайым даярбыз. Кыргыз тарап акниет инвесторлордун демилгелерин толугу менен колдойт жана аларга максималдуу жардам берип келет. Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө түрк компанияларынын инвестицияларын, алдыңкы технологияларын жана менеджментин тартууга кызыкдарбыз”, - деген кыргыз президенти.

Мамлекет башчысы мындан ары Кыргызстандын министрлери өздөрү инвесторлордун артынан түшүшөрүнө басым жасады.

undefined

Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов Түркиянын ишкерлер коомчулугунун кеңири чөйрөсү Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар экендигин айтат.

“Түркиялык инвесторлордун кызыгуусун жеңил өнөр жай, айыл-чарба, логистика, инфраструктуралык долбоорлор жана гидроэнергетика сыяктуу тармактар жаратууда”, - деп айтат Шыкмаматов.

Президент кыргызстандык жана түркиялык ишкерлердин катышуусунда кыргыз-түрк ишкерлер форуму июль айында Ысык-Көлдө өткөрүлөрүн жана Кыргызстанда иштеп жаткан түрк инвесторлорунун укуктарын мамлекеттик органдар коргоого чоң маани берерин баса белгиледи.

Кошумчалай кетсек, Түркия тарап билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо жаатындагы биргелешкен долбоорлорду андан ары өнүктүрүү, илгерилетүү ниетинде. Анын ичинде расмий ачылышы пландаштырылып жаткан эки өлкө ортосундагы саламаттык сактоо тармагындагы ири долбоорлордун бири болгон Бишкектеги кыргыз-түрк достугунун мамлекеттик ооруканасы бар.

Жалпылап айтканда, мамлекет башчынын Түркияга болгон расмий иш сапарындагы жетишилген макулдашуулар кагаз бетинде калбай, ишке ашат деген үмүт бар. Кыргызстан 1991-жылы уядан учкан мезгилде биринчи болуп дипломатиялык алака түзгөн жана кол кабыш кылган Түркия менен эки жана көп тараптуу мамилени мындан ары да улантуунун үстүнөн иштөө учурдун талабы.

“Кабар” МАБ

Адил Төлөгөнов

Пикир

Оставить комментарий