• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шайлоо 2021. Коомдук тартипти сактоого 9 миңден ашык элдик кошуун тартылды

Коом 0

Бишкек, 06.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Шайлоо маалында коомдук тартипти сактоого 9 миңден ашык элдик кошуун тартылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди.

Анын айтымында, өлкө аймагындагы 2 миң 426 шайлоо тилкелерине 5 миң 400дөн ашык милиция кызматкери бекитилди.

"Шайлоо учурунда коомдук тартипти көзөмөлдөөгө 11 миңден ашык милиция кызматкери тартылды. Башка ведомстволордун 2 миң 100 кызматкери да иш алып барат. Ошондой эле 9 миңден ашык элдик кошуун милиция кызматкерлерине көмөктөшөт", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий