• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шайлоо учурунда мыйзам бузууларга күбө болсоңуз кимге кайрылуу керек? Колл-борборлордун номери

Коом 0

Бишкек, 23.12.20. /Кабар/. Кыргызстанда 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо өтөт.

Бишкек мэриясынан кабарлашкандай, шайлоо участкалардагы комиссияларга көмөк көрсөтүү үчүн, материалдык-техникалык камсыздоо жана санитардык режимди сактоо маселелери боюнча ыкчам жооп кайтаруу үчүн шаардык штаб жана акимиаттардын базасында колл-борборлор түзүлдү.

"Ошондой эле шаардагы шайлоо участкаларында добуш берүү учурунда кандайдыр бир мыйзам бузууларга күбө болгондор үчүн атайын колл-борборлор ачылды", - деп айтылат маалыматта.

Шаардык ыкчам штаб: 97-91-95 (1065), 0(312) 613935 Биринчи май району: 0(312) 621156; Ленин району: 0(312) 656902, 656903; Октябрь району: 0(312) 576650; Свердлов району: 0(312) 360120.

Пикир

Оставить комментарий