• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шакиев БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлүн кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьеваны кабыл алды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, алгач төрага Нурланбек Шакиев Александра Соловьеваны туруктуу өкүл болуп дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле Кыргызстан Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасы менен жигердүү кызматташып келе жатканын белгилеген төрага: “Биз гуманитардык, финансылык, техникалык жана башка багыттарда көрсөтүлгөн жардамдардын натыйжасында биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып келебиз. Айрыкча, өлкөбүздү социалдык-экономикалык жаатта өнүктүрүү боюнча реформаларды жана программаларды илгерилетүүдө Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын салымы чоң”, – деди.

Андан тышкары, кызматташтыктын келечеги тууралуу да сөз кылган Нурланбек Шакиев: “Азыркы тапта айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык таза технологияларды ишке киргизүү жана жашыл экономиканын үлүшүн жогорулатуу багытында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу артыкчылыкка ээ. Анын ичинен тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатында тыгыз иш алып баруубуз кажет”, – деп кошумчалады.

Өз кезегинде, Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева төрага Нурланбек Шакиевди Жогорку Кеңештин 85 жылдыгы менен куттуктады.

Муну менен катар биргелешкен долбоорлор тууралуу учкай кеп кылган Александра Соловьева Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасы Кыргызстандын өнүгүшүнө багытталган долбоорлорду, анын ичинен Туруктуу өнүгүү максаттарында камтылган программаларды ишке ашыруу боюнча тыгыз кызматташууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий