• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өттү

Коом 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Бишкек шаарында мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча жыйын өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга мэрдин турак жай-коммуналдык маселелер боюнча орун басары, төрт райондун башчылары, тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн, ЖЭБ-1, «Бишкекжылуулуктармагы» ААК, «КУЭТ» ААКсы өкүлдөрү катышты.

Алгач жыйында Турак жай-коммуналдык чарба департаментинин директорунун күз-кыш мезгилине даярдык боюнча отчетун угулду.

Турак жай-коммуналдык чарба департаментинин директору жылуулук трассаларын алмаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, аткарылган иштер, көмүрдөн газга 22 откананы ишке киргизүү, капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан мектептерде жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иш-чаралары, калктын көмүр менен камсыздалышы жана азыркы тапта базаларда үч миң тоннадан ашык көмүрдүн бар экендиги, сатып алуулар жана Бишкектин айрым мектептеринде авариялык абалга келген учурлар тууралуу да маалымат берди.

Өз кезегинде мэр Турак жай-коммуналдык чарба департаментинде аткарылып жаткан иштерге көзөмөлдү күчөтүүнү, капиталдык курулуш башкармалыгына болуп жаткан аварияларды тез арада жоюуну, райондун акимдерине зарыл болгон учурда кышкы коопсуздук зонасында жүргүзүлүп жаткан иштерди көзөмөлгө алууну, эгер зарыл болсо, 2024-жылдын бюджетинде келечекте авариялык кырдаалдарды жоюу үчүн ведомствого караштуу мекемелердин жылуулук системаларын реконструкциялоону карап чыгууну тапшырды.

Ошондой эле, «Бишкекжылуулуктармагы» ААК, «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасынын жана борбордун ЖЭБинин жетекчилери шаар мэрине кышка карата даярдыктары жана штаттык режимде иштөө боюнча маалымат беришти.

Капиталдык курулуш башкармалыгына кырсыктарды аныктоо жана тез арада жоюу боюнча ишти күчөтүү, акыркы бир айда болгон 16 саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелеринин 3 объектисинде авариялык иштерди тез арада бүтүрүү тапшырмасы берилди.

Район жетекчилери жарым-жартылай оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн объектилерде да түтүктөр жарылып жатканын белгилешти. Себеби, көпчүлүк билим берүү мекемелери 1970-жылдары курулгандыктан, бүгүнкү күндө ал мектептердин имараттары жараксыз абалга келген.

Борбор калаанын мэри төрт райондун акимдерине магистралдык жылуулук системаларынын курулушунун сапатына жана жылуулук системаларын оңдоого өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ошондой эле 2023-2024-жылдардын кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүү үчүн райондордун башчылары жана энергетика тармагынын жетекчилери жеке жоопкерчилик тартышат.

Жыйында кызматкерлери 20 күнгө асфальт ачууга ордер алып, бирок натыйжада иш 30 күнгө создуктурулуп жаткан «Бишкекжылуулукэнерго» ААКсына жана Бишкек электр тармактар ишканысыныны кызматкерлерине эскертүү берилди. Ошондой эле ишти өз убагында бүтүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Мындан тышкары, Айбек Жунушалиев «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы менен мектептердин кызматташуусун пландуу түрдө киргизүүнү тапшырды. Көпчүлүк учурда мектептерди жылытуу үчүн мектептин кызматкерлери жооп беришет, бирок бул функция алардын компетенциясына кирбейт.

«Бишкекжылуулукэнерго» ишканасы менен келишим түзүү мобилдик топту бекитүүгө жана жаралган ыңгайсыздыктарды тез арада жоюуга мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий