• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Парламент "Керемет Банктын" акцияларынын пакетин сатуу жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин 14-февралдагы жыйынында «КР Министрлер кабинетинин Улуттук банкынан «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун акцияларынын пакетин сатып алуусу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Демилгечи — министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоору тууралуу Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Талайбек Масабиров маалымат берди. Долбоордо министрлер кабинети "Керемет Банк" ААКнын Улуттук банкка таандык 7 млрд 126 млн 432 миң сом өлчөмүндөгү ("Керемет банктын" 100% таза капиталынын 97.45%) акциясын сатып алуусу сунушталууда.

Министрлер кабинети тарабынан активди сатып алуу боюнча бүтүм фондулук биржадан тышкары, тактап айтканда, акча каражаттарын Улуттук банктын эсебине түз которуу жана "Керемет Банк" ААКсында баалуу кагаздары бар жеке тараптардын реестрине тиешелүү жазууларды киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылмакчы. Ошондой эле, мыйзам долбооруна ылайык Улуттук банктан "Керемет Банк" ААКсынын акцияларынын пакети Министрлер кабинетине өтүшү менен ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган комиссиялык жыйымдардан жана алымдардан бошотулат.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев Министрлер кабинетинин "Керемет Банк" ААКтын акциясын сатып алууда каражат булактарын тактап, социалдык маселелерди чечүүгө каражат жок экенин баса белгиледи.

Ал эми депутаттар Чыңгыз Айдарбеков, Айсулуу Мамашова мыйзам долбоорунда сунушталган "Керемет Банк" ААКтын активдерин Министрлер кабинетинин сатып алуу ченемдерине, баалоосуна, механизмдерине өзгөчө көңүл бурушту.

Пикир

Оставить комментарий