• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ШКУ башчыларынын тар курамдагы жыйыны башталды

Саясат 0

Бишкек, 14.06.19. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекет башчылардын тар курамдагы жыйыны башталды.

Биргеликте сүрөткө түшүү аземинен соң делегация башчылары ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын тар курамдагы жыйынына багыт алышты.

ШКУ саммитинин жыйындыгында мамлекет башчылар 20 макулдашууга кол коюшат.

Белгилей кетсек, ШКУ саммитине толук кандуу мүчө катары Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын лидерлери катышууда. Андан тышкары, уюмда байкоочу макамына ээ болгон Афганистан, Беларус, Иран жана Монголиянын башчылары да катышууда.

Эске салсак, кечээ саммиттин ишине катышуу үчүн Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Беларусиянын, Монголиянын, Афганистандын, Ирандын мамлекет башчылары, Кытайдын төрагасы, Индия менен Пакистандын премьер-министрлери Бишкекке чогулушкан.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Бишкектеги саммитин 500дөн ашуун чет элдик жана жергиликтүү журналисттер чагылдырууда.

Пикир

Оставить комментарий