• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ШКУнун ТИМ башчылары COVID-19 пандемиясына байланыштуу билдирүү кабыл алышты

Саясат 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. КРнын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бүгүн, 13-майда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) тышкы иштер министрлеринин видеоконференция форматындагы жыйынына катышты. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, онлайн форматтагы жолугушуунун жүрүшүндө жаңы коронавирустук инфекция (COVID-19) пандемиясынын жана анын соода-экономикалык, социалдык кесепеттерин жеңүү боюнча күч-аракеттерди координациялоо шарттарында ШКУга катышуучу-мамлекеттердин мындан ары кызматташуу маселелери талкууланган.

ШКУнун ишмердигин мындан ары өнүктүрүү, ШКУнун мамлекет башчыларынын кеңешинин Санкт-Петербургдагы жыйынын, министрлик жолугушууларды жана кеңешмелерди даярдоо жана Россиянын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында боло турган башка иш-чараларды даярдоо – жыйындын негизги темасы болду.

Мындан тышкары, тараптар экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына, БУУнун түзүлгөнүнүн 75 жылдыгына карата ШКУнун эл аралык мамилелер тутумундагы ролун, ошондой эле региондогу коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча ШКУга катышуучу-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин коронавирустук инфекция (COVID-19) пандемиясына байланыштуу билдирүүсү кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий