• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Штаб: Эл аралык аба каттамдарды калыбына келтирүү өлкөдөгү эпидкырдаалды эске алуу менен кабыл алынат

Коом 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. ыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык ыкчам штаб бир катар чет мамлекеттердин туруктуу эл аралык, анын ичинде Кыргыз Республикасына/Республикасынан аба каттамдарды жандандыруу чечимин жарыялагандыгына байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.

Кыргызстандан/га эл аралык аба каттамдарды калыбына келтирүү боюнча тиешелүү чечим штаб тарабынан өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды жана анын курчушу мүмкүн экендигин эске алуу менен кабыл алат.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасына/Республикасынан чартердик каттамдарды уюштуруу зарылдыгына жараша улантылат.

Пикир

Оставить комментарий