• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР ТИМ башчысы Пакистан элчисинен ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 11-июнда КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргыз Республикасындагы Пакистан Ислам Республикасынын элчиси Сардар Азхар Тарик Хан мырзанын ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, маектин жүрүшүндө тараптар кыргыз-пакистан кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын жана коронавирус менен күрөшүүдө өлкөлөрдүн мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнүн, соода, инвестиция, туризм жана билим берүү чөйрөлөрүндө кызматташуунун келечектерин талкуулашты.

Тараптар 2019-жылдын 13-июнунда ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Имран Хандын жолугушуусунун жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин козгошту.

КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков элчи Сардар А.Т.Ханды Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады жана ага ийгиликтерди каалады.

Элчи жылуу кабыл алуу үчүн чын ниеттен ыраазычылыгын жана эки өлкөнүн ортосунда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, өз ара пайдалуу кызматташууну тереңдетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий