• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Шумкар” АБП кызматкерлерине коронавирус жуктурбоо жана алдын алуу боюнча лекция окулду

Коом 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлерине коронавирус илдетин жуктурбоо жана алдын-алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Медициналык башкармалыгынын дарыгери Иманалиева Чынара жана врач-реаниматолог Сейдакматова Гүзина “Шумкар” АБП кызматкерлерине дем алуу органдарын сезгенткен коронавирус илдетин алдын-алуу жана жуктурбоо чаралары жөнүндө лекция окушту.

«Вирусту жайылтпоонун биз аткара ала турган оңой жолдору колду самындап жуу, көчөдө медициналык бет кап тагынуу, жеке гигиенага өзгөчө көңүл буруу. Гигиенанын негизги эрежелерин кармануу вирус менен күрөшүүдө абдан маанилүү ролду ойнойт. Ушундай эң жөнөкөй ыкмалар вирустун алдын-алууга жардам берет»,- деген дарыгерлер эң башкысы ар бир кызматкерди кызмат өтөөдө этияттык, сактык чараларын туура сактоого чакырды.

Мындан тышкары, полктун кызматкерлерине коронавирус илдетин алдын-алуу жана жуктурбоо боюнча күн сайын тиешелүү нускамалар өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий