• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сокулук районунда турак үй толук күйүп кетти - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Сокулук районунун Маловодный айылынын Молодежный көчөсүндө жайгашкан жыгач устундун үстү темир калай менен жабылган аянты 100 чарчы метр болгон турак үй жана эмеректер толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрт меш жагууда өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабагандыктан келип чыккан.

Белгиленгендей, өрт саат 09:55те чектөөгө алынып, 11:40та толук өчүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий