• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сокулукта адам өлтүрүү фактысы боюнча издөөдө жүргөндөр кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Сокулукта адам өлтүрүү фактысы боюнча издөөдө жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 22-сентябрда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын клиникалык ооруканасына Жаңы-Жер (20-хутор) айылынын тургуну 1954-жылы туулган А.А. аттуу жарандын октон алган жаракаттан улам жанысыз денеси жеткирилгендиги жана Жаңы-Жер айылынын (20-хутор) 1986-жылы туулган Г.М. аттуу жаран октон алган жаракаттан улам келип түшүп жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Аталган факт Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул окуя Жаңы-Жер айылындагы жашоочулар ортосундагы чырдан улам болгондугу аныкталган.

Кылмыш иши боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жана Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан бул окуя боюнча тергөө иш-чаралары жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жыйынтыгында 100дөн ашык адам суракка алынып, 27 тинтүү жүргүзүлүп, мыйзамсыз курал-жарактар жана ок-дарылар табылган.

Мындан тышкары, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, төмөнкү жарандар кармалган: 1954-жылы туулган Д.М., 1988-жылы туулган М.М., 1997-жылы туулган М.М., 1990-жылы туулган Д.Г., 1998-жылы туулган М.М., жана 1958-жылы туулган А.Х. аттуу жарандар кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эскерте кетсек, адам өлтүрүүгө шектелген жарандар 1982-жылы туулган Абдуллаев Курбангаджи жана 1979-жылы туулган Даудов Магомед-Эмин өзгөчө оор кылмыш жасап, белгисиз тарапка качып, издөөгө алынган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2023-жылдын 26-сентябрында саат 03.00 чамасында жогорудагы издөөгө алынган жарандар Кыргыз Республикасынын КЖКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул окуя боюнча ИИМ кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө: Сайга-МК, 7,62 мм калибрдеги 10 ок-дары (Восток айылынын жанындагы талаага катылган) жана АК -74 автоматы, 51 ок-дары (Васильевка айылынын жанындагы талаага көмүлгөн) табылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшү жана жүргүзүлүп жаткан бардык иштер ИИМ жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынып, учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий