• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сокулукта зордукталган 10 жаштагы кыз: Милиция кызматкерлери арасында кызматтык иликтөө жүрүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.07.18. /Кабар/. Учурда Чүй облусунун Сокулук районундагы зордукталган 10 жаштагы кыздын ишине байланыштуу милиция кызматкерлери арасында кызматтык иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкекте өткөн жыйында КР Ички иштер министрлигинин өкүлү Мурат Сапаев билдирди.

Анын айтуусунда, учурда иликтөө жүрүп жатат жана шектүү изделүүдө, аны менен катар кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө.

Сапаев кошумчалагандай, бул кадимкидей эле көнүмүш жараян. Анткени жашы жете электерге карата жасалган ар бир кылмыш боюнча ички иликтөө жүргүзүлөт, анын ичинде милиция кызматкерлерине карата дагы.

“Бул стандарт”, -деп түшүндүрдү Сапаев.

Пикир

Оставить комментарий