• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Солтон-Сары жайлоосунда өлгөн малдан мышьяк менен нитраттын издери табылган

Коом 0

Бишкек, 17.07.19. /Кабар/. Солтон-Сары жайлоосунда өлгөн малдан мышьяк менен нитраттын издери табылган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын Нарын аймактык башкармалыгынын башчысы Улан Жанбаев билдирди.

Эскерте кетсек, мындан мурда социалдык тармактарда Солтон-Сары жайлоосунда өлгөн койлордун тасмасы чыккан. Анда чабандар малдын өлүп жатканына ал жерде кен иштеткен кытайлык компанияны айыптайт.

Жанбаевдин айтымында, учурда жергиликтүү тургундар менен өкмөттүн облустагы өкүлү Аманбай Кайыпов менен Мамэкотехинспенциянын директору Жолдошбек Жунушев жолугушуу өткөрүүдө.

"Мамлекеттик ветеринардык инспекция өлгөн малдын этинде мышьяк менен нитраттын издери бар экенин тастыктады. Эколог адистердин айтканы боюнча, уулануу жер менен сууда да болсо аймакты олуттуу түрдө тазалоо керек болот. Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитеттин маалыматына ылайык, Zhong Ji Mining компаниясы кенди иштетүүгө 2013-жылдын февраль айында эле лицензия алган", - деди ал.

Анын айтымында, кенде 200гө жакын киши иштейт. Алардын 140ы жергиликтүү тургундар.

"Мындан мурдараак өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнө, компания жумушчулардын маянасын кечиктирип жатат жана сууну булгоодо деген оозеки арыздар түшкөн. Бул боюнча жердин жана суунун анализи алынган. 26-июнда анализдин жыйынтыгы чыгып эч кандай булгоо жок экенин көрсөткөн", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий