• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды ынтымакка жана биримдикке чакырды

Президент 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде, өлкө парламентинде сүйлөп жатып, кыргызстандыктарды мамлекеттин, балдардын келечеги үчүн ынтымакка жана биримдикке чакырды.

Сооронбай Жээнбеков жарандык жогорку жоопкерчиликти жана катуу тартипти сактоо зарылдыгын белгиледи, себеби тобокелдикти баалабоо ден соолукка гана эмес, адам өмүрүнө да коркунуч жаратат.

«Ар бир мекендешибиздин ден-соолугу жана өмүрү баарынан жогору экенин дагы бир ирет кайталайм. Бүгүн экономикалык жоготууларга карабай адам өмүрүн сактап калуу милдети турат», — деп баса белгиледи мамлекет башчысы жана бардык мекендештерге ыраазычылыгын айтты.

«Ушул кезге чейин тартипти сактап, өзгөчө абалды туура түшүнгөн кеменгер элибизге ыраазылыгымды билдирем. Илдетке каршы иш-аракеттердин алдыңкы сабындагы биздин каарман дарыгерлерибизге таазим этебиз. Күнү-түнү тартипти көзөмөлдөп, коомдун сакчылыгында турган милиция, чек ара жана аскер кызматкерлерине рахмат айтабыз. Элге жардам берип жаткан ыктыярчыларыбызга, ишкерлерибизге, кайдыгер эмес мекендештерибизге ыраазылык билдиребиз», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков жана дарыланып жаткан мекендештердин тезирээк сакайып кетишин каалады.

Пикир

Оставить комментарий