• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сооронбай Жээнбеков менен Си Цзиньпин Пекинде жолугушат – эмнелер талкууланат?

Саясат 0

Бишкек, 04.06.18. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кытайга мамлекеттик сапар менен барат. Мамлекет башчысынын коңшу өлкөгө болгон сапары 6нан 10-июнга чейин созулат.

КР президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдиргендей, алдыда күтүлүп жаткан сапар КЭРнын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен болууда жана эки өлкө лидерлеринин кызматташуу боюнча маселелерди талкуулоосу күтүлүүдө.

Мамлекеттик сапар 6нан 8-июнь күндөрү Пекинде болот, кийинки эки күндө КР мамлекет башчысы Циндао шаарындагы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин саммитине катышат.

“Мамлекет башчысы КЭР Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугаары пландалууда”,-деп билдирди ал.

Ал баса белгилегендей, аталган сапар кыргыз тараптын эки жактуу алаканын кеңейтилишине жана тереңдешине, келечектеги кызматташууга жана өнөктөштүккө чоң маани бере тургандыгын айтып турат.

“Бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосунда мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык, ведомстволор аралык жана башка 200дөй эки тараптуу документтерге кол коюлганы, бул олуттуу келишимдик-укуктук базанын жана ар түрдүү чөйрөлөрдө өз ара кызыкчылык туудурган эки тараптуу пайдалуу кызматташтыкты туруктуу өнүктүрүүгө умтулуу бар экенин күбөлөндүрө турат”,-деп билдирди ал.

Ал сапардын алкагында 10го жакын эки тараптуу документтерге кол коюу күтүлүп жаткандыгын кошумчалады. Башкы саясий документ болуп Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүү түзүү боюнча Биргелешке декларациясы саналат.

Пикир

Оставить комментарий