• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Назарбаев партиялаштарын уурулукка барбоого чакырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.06.18. /Кабар/. “Нур Отан” партиясынын позициясын күчтөндүрүү керек. Бул тууралуу Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев өзү төрагалык кылган саясий партиянын кезектеги кеңейтилген жыйыны учурунда билдирди

Жыйында март айында жарыяланган социалдык демилгелер, анын ичинде ипотеканы арзандатуу маселеси тууралуу сөз болду. Назарбаев партиялаштарына кайрылып жатып, “7-20-25” турак жай программасы үчүн бөлүнгөн каражатты уурдабоого чакырды.

“Бизде азыр бардык шаарларда жана райондордо (турак жай үчүн) кезек бар. Кимдир бирөө Германияда, Францияда же Америкада кезекке тургандарды көрдү беле? Бул нонсенс. Себеби мамлекет бекер батир бербейт. Мага азыркыга чейин пенсионерлер кайрылышып, үй сурашат. Программага кошулгула... Ижарага батирлер бар. Эмне кезек? Парламентке, министрлерге кайрылышат. Мамлекетте батир алып анан берип койгондой мыйзам жок... Бардык партиялаштарыма айтам: көзөмөлгө алып, жакшылап жасоо керек, бул жерден эч нерсе уурдабагыла! Кимге зарыл болсо жеткидей болсун”.

Иш-чарага саясий кеңештин мүчөлөрүнөн тышкары мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты. “Нур Отан” партиясынын саясий кеңеш курамында бардык аймактардан шайланган 100 адам бар.

Пикир

Оставить комментарий