• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сосновка постунда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Коом 0

Бишкек, 09.11.23. /Кабар/. Бүгүн, 9 ноябрь күнү саат 13:45 Бишкек - Ош унаа жолунун 81 чакырым бөлүгүндө (Төө-Ашуу, Сосновка) жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек - Ош унаа жолунда аба-ырайынын шартына байланыштуу жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен аба ырайынын бузулушуна жана ашууларда кар жааганына байланыштуу аталган тилкеде жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий