• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акыйкатчы институту расмий сайтынын жаңы версиясын ишке киргизди

Коом 0

Бишкек, 09.11.23. /Кабар/. КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту расмий сайтынын жаңы версиясын - ombudsman.kg ишке киргизди.

Акыйкатчы институтунан кабарлашкандай, Европа Биримдиги “КРдагы мыйзамдын үстөмдүгү. 2-фаза” деп аталган долбоордун алкагында сайтты иштеп чыгууга техникалык көмөк көрсөттү.

Жаңы расмий сайт Европа Биримдигинин долбоорунун адистери жана Акыйкатчы институнун басма сөз кызматы менен биргеликте иштелип чыкты.

Расмий сайттын дизайны өзгөртүлдү - ал кабыл алууга жеңил, заманбап жана колдонуучу үчүн баардык ыңгайлуулуктары менен жасалгаланды.

Сайтта маалыматтар абдан ирээттүү жана окурмандар үчүн түшүнүктүү болгондой жасалды.

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Джамиля Джаманбаева жаңы сайтта жарандардын онлайн-кайрылуусу үчүн мүмкүнчүлүктөр каралганын белгиледи.

“Негизинен сайтта интернет-кабылдама бар, ал жерден арыз берүүчүлөр өздөрүнүн кайрылууларын жөнөтө алышат. Ошондой эле жарандар тигил же бул укуктары бузулган учурда кандай аракеттерди көрүү керектиги тууралуу көрсөтмөлөр жазылган көптөгөн бөлүмдөр бар.

Калктын аялуу катмарынын укуктары өзүнчө блоктор менен бөлүнгөн. Ар бир блокто укуктар бузулган учурда эмне кылуу керектиги тууралуу, улуттук мыйзамдарга ылайык кимдин кандай укуктары бар экендиги тууралуу кеңири баяндалган”, - деп белгиледи акыйкатчы.

Ошондой эле сайтта суроо-жооптор рубрикасы каралган. Бул рубрикадан сиздер институттун ишмердиги тууралуу көп берилген суроолорго баардык жоопторду таба аласыздар.

Мындан тышкары, жаңы сайт мультимедиалык форматта сунушталды. Акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тууралуу маалымат Кыргызстандын интерактивдүү картасында жайгашкан. Мындай өзгөчөлүк колдонуучу үчүн абдан ыңгайлуу жана жеңил кабыл алынмакчы.

Сайттагы маалыматтар үч тилде: кыргыз, англис жана орус тилдеринде жайгаштырылган, ошондой эле көрүүсү начар адамдар үчүн версия да бар.

Сайт мобилдик түзүмдөргө ыңгайлаштырылган, бул болсо аны колдонуучулар үчүн көбүрөөк ыңгайлуу кылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий