• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Сосновка" жана "Арал" постторундагы күйүүчү май ташыган унааларга киргизилген чектөө алынды

Коом 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Жайыл районундагы (Чүй облусу) "Сосновка" жана Токтогул районундагы (Жалал-Абад облусу) "Арал" постундагы күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын, тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 2020-жылдын 21-сентябрь күнү саат 20:00дө Жайыл районунун "Сосновка" постунда жана Токтогул районунун "Арал" постунда күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген. 22-сентябрь күнү саат 06:00дө "Сосновка" жана "Арал" постторунда убактылуу киргизилген чектөө алынган", - деп билдирет министрлик.

Пикир

Оставить комментарий