• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Соцөнүктүрүү министрлиги: Март айынан бери чет өлкөлөрдөн 240,5 млн сомго гумжардам келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 29.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. 2020-жылдын 18-мартынан баштап 20-июлга чейин чет өлкөлөрдөн 240 млн 530 миң 176,9 сомго гуманитардык жардам келип түшкөн. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, жалпы салмагы 2 млн 27 миң 726,9 кг болгон гуманитардык жүк Кыргызстанга келген. “Жардам Дания, Франция, Кытай, Түркия, Өзбекстан жана Нидерландия өлкөлөрүнөн келген. Саламаттык сактоо министрлигинин бөлүштүрүү планы боюнча келип түшкөн жүктөр таркатылууда. Гуманитардык жүк менен негизинен медициналык беткаптар, кол каптар, коргоочу кийимдер, тест системалары, кычкылтек концентраторлору жана реагенттер келүүдө”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий