• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Үрүмчүдөн Бишкекке кошумча туруктуу авиакаттам ачылат

Коом 0

Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. 2022-жылдын 1-октябрынан тарта Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү багыты боюнча кошумча туруктуу авиакаттамдын ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, China Southern Airlines авиакомпаниясы Үрүмчү шаарынан Бишкекке учууларды бейшемби күндөрү аткарууну пландап жатат.

Эске салсак, мурда айтылган багыт боюнча каттамдар шейшемби күндөрү гана аткарылып келген.

Пикир

Оставить комментарий