• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алтынбек Сулайманов кызматынан бошотулду. Жарлыкка президент кол койду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 71-беренесинин негизинде, Сулайманов Алтынбек Турдубаевич президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан берген арызына ылайык бошотулду", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий