• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тайырбек Сарпашев премьер-министрден убактылуу ээлеген кызматынан бошотуп турууну өтүндү

Коом 0


Бишкек, 13-февраль /Салтанат Абдраева-Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев премьер-министрден ээлеген кызматынан убактылуу бошотуп турууну өтүндү. Бул тууралуу ал “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.

“Менин дарегиме айтылган бардык айыптоолорго объективдүү текшерүү жүргүзүү максатында мен премьер-министрден ээлеген кызматыман убактылуу бошотуп турууну өтүндүм”,-деди Т.Сарпашев.

“Өкмөт башчы менин өтүнүчүмдү канааттандырат деген ойдомун. Мен түзүлгөн комиссия калыс иликтеп, менин күнөөсүз экенимди далилдейт деп ишенем”,-деди ал.

Анын айтымында, ал мындай кадамга Сарпашев кызматынан кеткен жок деген сөздөр айтылбасын деп барган.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура Бишкек мамкаттоо камоодо турган М.Бакиевге тиешелүү кыймылсыз мүлктү каттоого алгандыгына байланыштуу Т.Сарпашевди МКК төрагасы кызматынан алууну талап кылууда. Т.Сарпашев бул маалыматты жокко чыгарып келет.

КР Башкы прокуратурасынын Өкмөт башчынын атына Т.Сарпашевди ээлеген кызматынан алуу тууралуу көрсөтмөсүнөн кийин Өкмөттө ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлгөн, ага бир айдын ичинде Башкы прокуратуранын көрсөтмөсүн иликтеп чыгып, министрлер кабинетинин башчысына тиешелүү сунуш берүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий