• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте автобустун айдоочулары сыйланды

Коом 0

Бишкек, 02.11.22. /Кабар/. Бишкекте автобустун айдоочулары сыйланды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынын директору Бакыт Темикеев жамаатты кесиптик майрамы менен куттуктап, Автотранспорт жана жол кызматкерлеринин күнүнө карата өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди Ардак грамоталар менен сыйлады.

Мындан тышкары, транспорт кызматкерлерин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Айбек Ашимов, Кыргызстандын транспорт жана көзөмөлдөөчүлөр союзунун төрагасы Манасбек Жолдошбеков куттукташты.

Иш-чара Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын имаратында өттү.

Пикир

Оставить комментарий