• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанга баасы $160 миң болгон меджабдуулар мыйзамсыз ташылып келген

Коом 0

Бишкек, 26.06.23. /Кабар/. "Манас" бажысы болжол менен 160 миң долларлык медициналык жабдууларды мыйзамсыз алып келүүнү токтотту. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Манас" бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын жана ЕАЭБдин аймагына келген товарларга бажы көзөмөлүнүн алкагында жалган декларациялоо фактысы аныкталды.

"И.Н.Б." ЖЧКнын дарегине ЕАЭБге чектеш мамлекеттен ТЭИ ТН кодуна ылайык классификация боюнча бажы төлөмдөрүн эсептөө үчүн атайылап бурмаланган маалыматы менен "Trima Accel" кан куюу үчүн медициналык жабдуулар товарлары келген.

Товардын жалпы салмагы 1292,1 кг, баасы 159 миң 562 АКШ долларын түзгөн.

Ошентип, товарды бажы жагынан тариздөөдө төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн сумасы 698,801 сомду түздү.

Аталган факты каттоого алынып, материалдар КР мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий