• 88.68
  • 95
  • 0.95

Улуттук банк: Валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу

Экономика 0

Бишкек, 26.06.23. /Кабар/. Азыркы учурда ички валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда, деп билдирет Кыргызстандын Улуттук банкы.

Улуттук банк чет өлкө валютасынын сомго карата алмашуу курсу ички валюта рыногунда эркин түзүлүп, валютага болгон суроо-талаптын жана сунуштун негизинде аныктала тургандыгын белгилейт. Ушуга байланыштуу курстун өсүшү сыяктуу эле төмөндөшү жагында өзгөрүлмөлүүлүктү байкоого болот.

Ошондой эле, Улуттук банк банк жана банк эмес секторлору тарабынан мыйзам талаптарынын сакталышына, анын ичинде калкты талаптагыдай тейлөөгө өзгөчө көңүл буруу менен алардын ишине талдоо жүргүзүп турат. Алсак, коммерциялык банктар улуттук жана чет өлкө валюталарында кредиттерди берүү, депозиттерди кабыл алуу, накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү сыяктуу ж.б. кызматтардын кеңири чөйрөсүн көрсөтүп жатышат. Банктарда жана алмашуу бюролорунда АКШ долларында жана орус рублинде нак акча каражаттарынын көлөмү жетиштүү, алмашуу операциялары эч кандай чектөөлөрсүз жүргүзүлүп жатат.

Кыргызстандын төлөм системалары штаттык режимде ишин улантууда.

Улуттук банк ички валюта жана тышкы финансы рынокторунда түзүлгөн кырдаалга дайыма көз салып турат жана зарыл болгон учурда акча-кредит саясатына ылайык бардык зарыл чараларды көрөт.

Пикир

Оставить комментарий