• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Соцкелишим": Сузакта долбоорду ишке ашыруунун аралык жыйынтыгы чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 31.07.23. /Кабар/. Сузак районунда “социалдык келишим” долбоорун ишке ашыруунун аралык жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга эмгек министри Кудайберген Базарбаев жана райондогу "социалдык келишим" долбоорунун катышуучулары катышты.

Белгиленгендей, 2022-жылы аталган райондо 50 жакыр үй-бүлө катышса, 2023-жылы 805 үй-бүлө долбоорго катышкан. Жыл башынан бери аймакта 6 канаттуулар фабрикасы, 5 бал челек, 58 тигүү цехи, 7 азык-түлүк өндүрүү, 2 жыгач иштетүүчү цех жана 2 курулуш өндүрүшү ачылган. Мал чарбачылыгы, соода жана тейлөө тармагында жүздөгөн долбоорлор ишке ашырылууда.

Министр Базарбаев социалдык келишимдин дээрлик бардык катышуучулары бүгүнкү күндө киреше алып жатышат, айрымдары жумасына 10 миң сомго чейин.

"Өлкө боюнча 1,9 миңден ашык тигүү цехтери, 60гө жакын курулуш жана жыгач устаканалары, ондогон аз камсыз болгон үй-бүлөлөр самын, жер семирткичтер, жарым фабрикаттар өндүрүшүн ачышты.

Сузак районундагы ийгиликтин мисалы — Розибаева Фарида, ал өзүнүн тигуу цехинде дагы төрт аялга жумуш берип, 40 миң сомго чейин киреше тапкан. Андан да көп киреше – айына 50 миң сомго чейин Рашида Нурдинова ала баштады, айыл тургундарын тамак-аш, балдардын жана аялдардын кийимдери менен камсыз кылууда. Апал Маматаеванын бал челектери анын үй-бүлөсүнө 100 миң сом алып келүү менен чектелбестен, башка үй-бүлөлөрдү да жумуш менен камсыз кылды", - деп белгиледи Кудайберген Базарбаев.

Конференцияда социалдык келишимдин катышуучулары өз жетишкендиктери менен тааныштырышты. Сузак району боюнча долбоордун эң мыкты катышуучулары республикалык "Жаңы кадам" съездине катышууга жиберилди, анда өлкөнүн бардык аймактарынан келген жеке ишканалардын алдыңкылары кирешелүү бизнести уюштуруу жана илгерилетүү боюнча тажрыйба менен алмашышат.

Пикир

Оставить комментарий