• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ССМнын өкүлү менингит тууралуу жазылган “фейк” маекти өчүрүнүү талап кылууда

Коом 0

Бишкек, 14.06.18. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Елена Баялинова менен болгон “фейк” маекти өчүрүүнү талап кылууда.

КР ССМнын өкүлү Елена Баялинованын айтуусунда, ал аны менен болгон жалган маекти өчүрүүнү талап кылат. ЖМКга чыккан жалган маалыматта менингиттен адамдар каза болду деп маалымдалган.

“Эч кандай маалымат жыйын болгон эмес жана мен силерге комментарий да берген эмесмин. Ал жаңылыкты өчүрүп салышыңарды өтүнөм”, - деп кайрылган Баялинова редакцияга.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, Кыргызстанда менингит оорусунун өсүшү байкалган жок, айрыкча өлүм менен коштолгон.

“Үстүбүздөгү жылдын беш айынын ичинде инфекциянын 12 учуру катталды, былтыр ушул эле мезгилде 32 болчу”,-деп билдирди ал.

Эске сала кетсек, мурда ЖМКда Кыргызстанда менингиттен эки адам каза болду деген маалымат чыккан.

Пикир

Оставить комментарий