• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Стамбулда секс кулчулугунан 35 кыргызстандык кыз бошотулду

Коом 0

Бишкек. 12.02.19 /Кабар/. Түркиянын Стамбул шаарында полиция интимдик кызмат көрсөткөн жай уюштуруп, Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарын сойкулукка мажбурлаган топтун мүчөлөрүн кармады. Бул тууралуу haberler.com порталы кабарлайт.

Полиция Стамбулдун жети районунда жүргүзүлгөн атайын операция учурунда кыздар бошотулган. Ага күч кызматкерлери үй ай даярданышкан.

Рейддин жүрүшүндө 85 кыз-келин куткарылган, алардын 35 Кыргызстандын жараны, калганы – Өзбекстандын.

Кылмыштуу топтун мүчөлөрү кыздар менен социалдык тармактардада таанышышып, Түркияга жакындан таанышууга жана үй-бүлө курууга чакырышчу. Жакшы сөздөргө ишенип барган кыздарды интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлашчу.

Чет элдик жарандар иммиграциялык башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Аларды депортация маселеси каралууда.

Пикир

Оставить комментарий